Кыргызстандын ар бир 10 миң калкына 19 дарыгер туура келет
6 июль

Кыргызстандын ар бир 10 миң калкына 19 дарыгер туура келет

Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде Кыргызстанда калктын саламаттыгын сактоого маанилүү салым кошкон адистердин кесиптик майрамы- Медициналык кызматкерлер күнү белгиленет. Бул карата Улуттук статистика комитети кызыктуу фактыларды чогултту.

2025-жылы республика калкына медициналык жардамды 191 ооруканалык уюм, 45 баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюм, 2 өз алдынча тез (шашылыш) медициналык жардам станциясы жана 1 миңден ашык фельдшердик-акушердик пункт көрсөткөн.

Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында 234 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун камтыган 56 жалпы дарыгерлик практика борбору иш алып барган.

Калкка медициналык-санитардык жардамды 13 миңден ашык дарыгер жана 34 миңден ашык орто медициналык персоналдын адистери камсыз кылган.

Орточо эсеп менен республиканын ар бир 10 миң калкына 19 дарыгер жана орто медициналык персоналдын 47 кызматкери туура келген.