Нарын облусунда жер титирөө катталды
16 апрель

Нарын облусунда жер титирөө катталды

Нарын облусунда жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө 16-апрелде таңкы саат 05:57де катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Конорчок айылынан 18 чакырым, Чолок-Кайын айылынан 16 чакырым, Баэтов айылынан 28 чакырым жана Нарын шаарынан 115 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Калктуу конуштарда сезилген силкинүүнүн күчү төмөнкүдөй болгон:

  • Конорчок жана Чолок-Кайын айылдарында – болжол менен 3,5 балл;
  • Кош-Булак жана Жаңы-Тилек айылдарында – болжол менен 3 балл;
  • Баэтов айылында – болжол менен 3 балл.

Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.