6 айда 2119 иш: Ош облустук сотунун көрсөткүчтөрү
Бүгүн 21-август Ош облустук сотунда жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары талкууланды. Жыйынга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана сот тармагынын жетекчилери катышты.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жергиликтүү соттордо 2119 соттук иш каралып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9%га көп.
Жыйындын соңунда сот адилеттигин камсыз кылууга кошкон салымы үчүн облустук соттун үч кызматкерине Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы тапшырылды.
