Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрү соттолгондорду жазасын өтөө үчүн өз өлкөсүнө өткөрүп берүү маселесин талкуулады
21 август

Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрү соттолгондорду жазасын өтөө үчүн өз өлкөсүнө өткөрүп берүү маселесин талкуулады

Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Казань шаарында өтө турган КМШга катышуучу мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин 36-жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында Санкт-Петербург шаарында башкы прокурорлордун орун басарларынын жолугушуусу өттү.

Кыргыз Республикасынын атынан иш-чарага Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн жарандыгы болгон мамлекетке өткөрүп берүү маселелерине, ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн ишин уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар, анын ичинде уюштуруучулук жана практикалык маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эл аралык-укуктук кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана КМШга катышуучу мамлекеттердин прокуратура органдарынын ортосундагы түз жумушчу байланыштарды өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.