Садыр Жапаров Кыргызстандын Санарип кодексине кол койду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин (мындан ары – Санарип кодекси) жоболоруна ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
1) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, аларга ылайык киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү бузуулар, ошондой эле санариптик чөйрөдөгү укук мамилелеринин субъекттеринин укуктарына кол салуу жана телекоммуникация жана почта байланышы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуунун тартиби жана негиздери каралган;
2) “Ички жер которуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине өзгөртүү киргизүү, ага ылайык калктын реестри Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке дайындарынан турат;
3) “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү:
– 2-берененин 4-бөлүгүнүн бешинчи абзацы жаңы редакцияда баяндоо, ага ылайык телекоммуникация операторлорунун ишин лицензиялоонун, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштыктарды ыйгаруунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары менен жөнгө салынат;
– 15-беренеде:
11-пункт жаңы редакцияда баяндоо, ага ылайык телекоммуникация операторунун иши лицензияланууга тийиш;
13-пункт күчүн жоготту деп таануу, ага ылайык маалыматтарды берүү жаатындагы иш (буга ички же жабык тармактардын операторлорун жана кызматтары кирбейт) лицензияланууга тийиш деп каралган;
– 16-берененин 1-пункту күчүн жоготту деп таануу, ага ылайык радиожыштык спектрин пайдалануу (өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн радиожыштык спектрин пайдаланган жеке жана (же) юридикалык жактарды кошпогондо) лицензияланууга тийиш деп каралган;
4) “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү:
– 1-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жана мамлекеттик жана муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн санарип сервистери (мамлекеттик сервистер) улуттук санарип экотутумунун (улуттук экотутум) алкагында көрсөтүлөт деп каралган;
– “мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук формада көрсөтүү” түшүнүгүн аныктаган 3-берененин он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таануу;
– 15-берененин 1-бөлүгүндө мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк пункттары аркылуу же Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык мамлекеттик санарип сервистеринин тиркемелери жана сайты аркылуу санарип сервиси түрүндө көрсөтүлөт деп белгиленген;
5) “Электрондук соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүндө эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул Мыйзамда колдонулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын санарип жана башка тармактарындагы институттар, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелуу тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат деп каралган;
6) “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү:
– 4-беренеде “маалыматтардын бөлүштүрүлгөн реестри” жана “смарт-контракт” деген түшүнүктөрдү караган 13 жана 14-пункттар күчүн жоготту деп таануу;
– 14-беренеде майнерлердин санарип реестри – майнерлерди каттоону жана тиешелүү сертификаттын берилгендигин тастыктаган жазмалардан турган санарип ресурсу, ага жеткиликтүүлүк Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык мамлекеттик санарип сервистеринин тиркемелери жана сайты аркылуу жүзөгө ашырылат;
7) “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Ички жер которуу жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, аларга ылайык аталган мыйзамдарда колдонулган түшүнүктөр жана терминдер Санарип кодексте жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат деп каралган, ошондой эле редакциялык (тактоочу) мүнөздөгү башка өзгөртүүлөр каралган.
Аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
