Кыргызстанда жашоо минимуму 9,8 миң сомдон ашты
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 июль

Кыргызстанда жашоо минимуму 9,8 миң сомдон ашты

2026-жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстанда жашоо минимумунун өлчөмү бир адамга айына 9 миң 873,28 сомду түздү.

2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 12,6%га, же 1,1 миң сомдон ашык өстү.

Эмгекке жарамдуу курактагы калк үчүн жашоо минимуму 11 миң 63,15 сом өлчөмүндө белгиленди. Анын ичинде эркектер үчүн 11 миң 320,67 сом, аялдар үчүн 11 миң 5,42 сом болду.

Пенсионерлер үчүн жашоо минимуму 8 миң 720,57 сомго, ал эми балдар үчүн 8 миң 371,23 сомго жетти.

Жети жашка чейинки балдар үчүн көрсөткүч 7 миң 418,33 сомду, 7 жаштан 14 жашка чейинкилер үчүн 8 миң 682,27 сомду, 14 жаштан 17 жашка чейинкилер үчүн 9 миң 546,90 сомду түздү.

Жашоо минимумунун түзүмүндө азык-түлүккө 65%, азык-түлүк эмес товарларга 16%, кызмат көрсөтүүлөргө 17%, салыктарга 2% туура келет.

Акчалай эсептегенде, азык-түлүккө кеткен чыгымдар айына 6 миң 417,63 сомду түзөт.

Маалыматтарды Кыргызстандын Улуттук статистика комитети келтирди.