Үйлөрдү башкаруудагы ачык-айкындуулук маселелерине байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты
27 апрель

Үйлөрдү башкаруудагы ачык-айкындуулук маселелерине байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Бүгүн, 27-апрелдеги Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Үйлөрдү башкаруунун ачык-айкындуулук маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечилер – депутаттар Дастан Бекешев, Азамжан Жалилов.

Депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору көп батирлүү турак үйлөрдү башкаруунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган. Ал үйлөрдү башкаруу органдарынын ишине заманбап санариптик чечимдерди киргизүүнү, турак жай ээлеринин шериктиктеринин (ТЭШ) кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүүнү жана башкаруучу уюмдардын ишин жөнгө салууну көздөйт.

Талкуу учурунда депутат Темирлан Айтиев турак жай ээлеринин шериктештиктерине мүчө болуу механизмдерин жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө тартибин тактаса, эл өкүлү Бахридин Шабазов турак жай мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда ТЭШ төрагаларына карата административдик айып пулдарды киргизүүнү камтыган жоопкерчилик чараларына көңүл бурду. Ал эми депутат Улукбек Карыбек уулу ТЭШ төрагаларынын жоопкерчилигин күчөтүү, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана тургундардын алдында так отчеттуулук механизмдерин киргизүү боюнча сунуштарды колдоду. Депутат Джамиля Исаева тургундар менен башкаруучу компаниялардын ортосундагы мүмкүн болуучу талаш-тартыштарды жөнгө салуу жолдору тууралуу пикирин билдирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.