Сурабалдиева: Кызматта турган адамдын жакындары байыйт, бирок ал саясий кырдаал өзгөргөндө гана текшерилет
Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик кызматтардагы кызыкчылыктардын кагылышы өлкөдө кандайдыр бир саясий бурулуш болгон маалда гана ачыкка чыгаарын билдирди.
Ал “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок мында бир катар түшүнүксүз жагдайлар бардыгын айтты.
Депутат белгилегендей, кайсы бир мамлекеттик кызматка жетекчи дайындалганда ал кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча декларация толтурууга тийиш. Ал аркылуу ошол жетекчинин жакын туугандары, үй-бүлө мүчөлөрү жана сунушталып жаткан мыйзам долбоорго ылайык, куда-сөөгү ошол тармакта иштейби жана алардын аффирленген фирмаларда үлүштөрү бары-жогу – такталат.
“Бирок бул ишти кадрлар бөлүмүнүн башчысы аткарууга тийиш. Жетекчиге бөлүм башчы үн көтөрүп сүйлөй алабы? Кызыкчылыктардын кагылышы болуп жатат, бул декларацияны толтуруп бериңиз, сиздин кылганыңыз туура эмес болуп жатат дегенге чама-чаркы жетеби?” – деди депутат.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева кадр бөлүмүнүн башчысы эч убакта жетекчиге мындай талап кое албастыгын моюндады.
Бирок анын айтымында, кайсы бир мамлекеттик кызматтын жетекчисине декларация толтуртуу милдети номенклатура кимде болсо, ошол тарапка жүктөлөт. Мисалы, ал жетекчи Министрлер Кабинети тарабынан дайындалса, анда Министрлер Кабинетинин төрагасы бул милдетти алат.
“Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндөгү мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Бирок иштеген жок. Биз аны толук кандуу иштетүү үчүн өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сунуштап жатабыз”, – деди Усеналиева.
“Мен мыйзамды колдойм, бирок туура түшүнгүлө, бизде кайсы бир адам кызматта иштеп жатканда бир туугандары, балдары, аялдары, кайын журту байышат. Бирок анын баарын саясий кырдаал өзгөргөндө гана текшерип жатабыз. Сиздер да ойлонуп иштеңиздер”, - деди анда Элвира Сурабалдиева.
