Тармактык комитет газ менен камсыздоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат укту
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети бүгүн, 18-марттагы отурумунда Кыргыз Республикасында турак жай жана өндүрүштүк эмес мүнөздөгү имараттарды, курулмаларды газ менен камсыздоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу Энергетика министрлигинин маалыматын укту.
Анда Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков газ менен камсыздоо тармагындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында 2014-жылы өлкөдө жаратылыш газын керектөөнүн көлөмү 207,0 млн м³, абонентердин саны 291,0 миңди түзсө, 2025-жылы керектөөнүн көлөмү 520,0 млн м³ка, абонентердин саны 425,0 миңге жеткен.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев админстративдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына жаңы кошулган конуштарды газдаштыруунун жол картасы качан иштелип бүтөрүн сурады. Өз кезегинде «Газпром» компаниясынын өкүлдөрү борбор калаага кошулган калктуу конуштардын чектери азыркыга чейин так болбой жатканын билдирип, толук аныкталгандан кийин жол картасы жасаларын белгиледи.
Ал эми депутат Айжигит Тыналиев газдаштыруу Бишкектен алыс чыга албай жатканын сынга алып, Ысык-Көл менен Нарын облустарын да акырындык менен долбоорго кошууну өтүндү.
Газды туташтыруу жана жабдууларды сатып алуу үчүн жарандарга насыя ирээтинде 1 миллиард сом каражат бөлүнгөнүн айткан эл өкүлү Алишер Козуев банктар насыя берүүдө бюрократияга жол бергенин айтып өттү.
«Даяр акча керектөөчүлөргө жетпей жатыптыр. Банктар насыя тарыхы начар деген сыяктуу шылтоолор менен бербей жатышкан экен. Насыянын көлөмү деле чоң эмес. Мен ошол акчаны «Газпром» компаниясына берүүнү сунуш кылам. Жарандар түз силер менен келишим түзсүн», - деди Алишер Козуев.
Депутат Аккулу Бердиев «Газпром» компаниясынын Кыргызстанда ишке ашыра турган келечектеги пландары тууралуу сурады.
Комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев коомдук тамактануучу жайларда кооптуулугуна карабай өз билемдик менен газ баллондор колдонулуп жатканына тынчсыздануусун билдирип, тиешелүү чараларды көрбөгөнү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматын сынга алды.
