Эмгек министри  БУУ КЖКБнын Улуттук кеңсесинин башчысы менен жолугушту
27 декабрь

Эмгек министри БУУ КЖКБнын Улуттук кеңсесинин башчысы менен жолугушту

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Равшанбек Сабиров БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын (БУУ КЖКБ) Улуттук кеңсесинин башчысы Елена Викторова Гусева менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар башпаанек берүү жана качкындардын укуктарын коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Министр Р.А. Сабиров Кыргыз Республикасынын эл аралык стандарттарга жана качкындардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү милдеттенмелерге берилгендигин баса белгилеп, ошондой эле БУУ КЖКБГА кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Е.В. Гусева башпаанек издеген адамдардын кызыкчылыгында биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, БУУ КЖКБ Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даярдыгын билдирди.