“Ашар бирикмеси” фондунун директору кайрадан кармалды
1 июнь

“Ашар бирикмеси” фондунун директору кайрадан кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда “Ашар бирикмеси” фондунун директору К.А. карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Себеби, анын ишенимине кирип, жакынкы аралыкта турак жай жана жеңил унаа менен камсыз кыларын убадалап, андан жалпы суммасы 650 000 сом акча каражатын алганын билдирген. Бирок ушул күнгө чейин өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, акча каражатын кайтарып бербей жүргөндүгүн көрсөткөн. 

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү катарында 2000-жылы туулган К.А. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону өтүнөбүз: 0 (709) 10-30-00, 102.