Суусамырда үрөй учурган жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алды
1 июнь

Суусамырда үрөй учурган жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алды

Суусамырдагы Бишкек – Ош унаа жолунда болгон оор жол кырсыгынан төрт адам набыт болду. Милициядан кабарлашкандай, дагы бир нече адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Жайыл РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгып, алгачкы тергөө иштерин жүргүзгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2026-жылдын 30-майында Бишкек – Ош унаа жолунун 179-чакырымында түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан 1996-жылы туулган Э. уулу Н. аттуу айдоочу башкарган Honda Civic үлгүсүндөгү унаа рулда уктап кетип, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада ал түндүктөн түштүккө багыт алган Kia K-7 үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар Жайыл аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген. Honda Civic унаасынын айдоочусу ар кандай сыныктарды алган, ал эми жүргүнчүсү дагы түрдүү жаракаттар менен ооруканага түшкөн.

Тилекке каршы, жол кырсыгынан окуя болгон жерде төмөнкү жарандар каза болушкан: Т.Ж. (2004-жылы туулган), Э.А. (2023-жылы туулган), Б.А. (2013-жылы туулган), Б.А. (2015-жылы туулган).

Учурда бул факты боюнча бардык зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Кырсыктын так жагдайлары иликтенүүдө.