Чолпон-Ата РЭТинде электр тармактарын модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча кеңири иштер жүргүзүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында, 2025-жылдын башынан бери “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы – Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын Чолпон-Ата РЭТи керектөөчүлөрдү туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу максатында ири иштерди аткарууда.
Ысык-Көл району боюнча 2025-жылдын башынан бери төмөнкү иштер ишке ашырылды:
- 441 эскирген жыгач мамы бекем темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
- 22 км аба чубалгыларга жана 49 көмөк чордонго капиталдык ремонт жүргүзүлдү;
- 63 км аба чубалгыларга жана 100 көмөк чордонго техникалык тейлөө иштери аткарылды;
- Район боюнча 7,3 км эски алюминий зымдардын ордуна заманбап СИП-зымдар тартылды (жыл аягына чейин дагы 6 км орнотуу пландалууда);
- Жаңы 4 км 10 кВ аба чубалгылары курулду жана 3,2 км электр зымдары реконструкцияланууда;
- 1,1 км аба чубалгысы кабелдик зымга алмаштырылды;
- 73 км аралыкта электр зымдары бак-дарактардын бутактарынан тазаланды.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында жана Тамчы, Темировка айылдарында 3 жаңы көмөк чордон орнотулду. Жыл аягына чейин дагы 4 көмөк чордон куруу пландалууда. Ошондой эле 3 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылып, дагы үчөөнү күчтөндүрүү иштери каралууда.
Энергетика тармагын санариптештирүүнүн алкагында жыл башынан бери 5 500дөн ашык «акылдуу» эсептегич орнотулду. Жыл аягына чейин дагы болжол менен 2 600 эсептегич орнотулары күтүлүүдө.
Учурда Чолпон-Ата РЭТинин административдик имаратында толук оңдоп-түзөө жана кайра куруу иштери жүрүп жатат.
Бул иштер Ысык-Көл районунда электр энергиясын камсыздоонун сапатын жогорулатууга, авариялуулукту азайтууга жана энергияны үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.
Техникалык иштер жүрүп жаткан аймактарда убактылуу электр энергиясынын өчүрүлүшү мүмкүн. Жаңыртуулар жана пландалган өчүрүүлөр тууралуу маалыматты Ысык-Көл электр тармактарынын расмий сайтынан жана «Мой свет» мобилдик тиркемесинен алууга болот.
