Манаста мейманканалардын биринен 27 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 ноябрь

Манаста мейманканалардын биринен 27 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Манас шаарындагы мейманканалардын биринен 27 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу 10-ноябрда Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, учурда Манас ШИИБи кылыш ишин козгоп, эки шектүү кармалды.

Учурда тиешелүү эскпертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.