Башкы прокуратура
10 ноябрь
Армениядан Кыргызстанга баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган жаран экстрадицияланды
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Армения Республикасынын тиешелүү органдары менен кызматташуусунун натыйжасында эл аралык издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанга экстрадицияланды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, И.Ш. аттуу айыпталуучу башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, ири өлчөмдө баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүрткөн.
Айыпталуучу ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.
Кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо боюнча активдүү иштер улантылууда.
