Камактагы Максат Кунакуновдун жубайы президент Садыр Жапаровго кайрылды
14 жаштагы уулу каза болгон Максат Кунакуновдун үй-бүлөсү атасын камактан бошотууну өтүндү, милиция келтирилген зыянды 3,45 млн долларга баалады
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда №1 тергөө абагында кармалып турган Максат Кунакуновдун үй-бүлөсү 14 жаштагы уулу Амирдин каза болушуна байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү өтүндү.
Мурдагы депутаттын жубайы Кенже Хакиева социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялап, жолдошунун кармалышын мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирген. Ошондой эле мамлекет башчысынан кылмыш ишинин тергелишин жеке көзөмөлүнө алууну суранган.
Анын айтымында, Максат Кунакунов сегиз баланын атасы. Анын 14 жаштагы уулу Амир Ала-Арча тоолорунда каза болгон.
Үй-бүлөнүн билдирүүсүнө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жооп кайтарды.
Борбор калаанын милициясынын маалыматына караганда, Максат Кунакунов 3 млн 450 миң доллар же 301 млн 702 миң 500 сом өлчөмүндө зыян келтирилген алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде шектүү катары өтүүдө.
Тергөө маалыматында, Бишкек шаарынын тургуну милицияга У.Ы. аттуу жаранга карата арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ага Бишкек шаарында базар куруп, соода орундарын берүү убадасы менен акча алышкан.
Бул факты боюнча Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары У.Ы. жана Максат Кунакунов кармалып, экөө тең тергөө абагына киргизилген.
Милиция тергөө үчүнчү жактардын кийлигишүүсүз жүргүзүлүп жатканын, процессуалдык чечимдер мыйзамдын жана топтолгон далилдердин негизинде кабыл алынарын белгиледи. Ошондой эле күнөөсүздүк презумпциясы принцибин эске салды.
Буга чейин каза болгон Амирдин жакындары атасына уулунун сөөгү коюлганга чейин үй-бүлөсүнүн жанында болуп, аны менен коштошууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүшкөн.
Кийинчерээк Максат Кунакуновдун адвокаты тергөөчүгө аны уулунун жаназасына катыштыруу боюнча өтүнүч келтиргени белгилүү болгон. Тергөөчү өтүнүчтү канааттандырган.
14 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда «Ала-Арча» жаратылыш паркына кеткенден кийин дайынсыз жоголгон.
Ошол эле күнү кечинде өспүрүм куткаруучулар менен байланышып, тоодон түшүп келе жатып адашып кеткенин билдирген.
Аны издөө иштери эки суткадан ашык убакытка созулган. 9-ноябрда өспүрүмдүн сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылган.
ӨКМдин алдын ала маалыматына ылайык, анын өлүмүнө дененин катуу үшүп кетиши себеп болушу мүмкүн.
