Кыргызстанда бала бакчаларды саат 07:30дан тартып иштетүү сунушталды
Иллюстрациялык сүрөт
11 ноябрь

Кыргызстанда бала бакчаларды саат 07:30дан тартып иштетүү сунушталды

Кыргызстанда иштеген ата-энелерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында бала бакчалардын ишин эртең мененки саат 07:30да баштоо сунушталды. Мындай демилгени бүгүн, 11-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Токтобүбү Ашимбаева көтөрдү.

Анын айтымында, мындай өтүнүч менен эртең менен эрте жумушка чыгууга мажбур болгон мугалимдер жана медицина кызматкерлери кайрылышууда.

Депутаттын пикиринде, бала бакчалардын иш убактысын өзгөртүү иштеген ата-энелерге балдарын эртерээк алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, жумуш менен бала багууну айкалыштырууну жеңилдетет.

Ушуга байланыштуу ал мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иш графигин өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, депутат Арашан айылынын тургундарын электр энергиясы жана таза суу менен камсыздоо маселелерин да көтөрдү.

Азырынча бул депутаттын сунушу болуп саналат. Бала бакчалардын иш убактысын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алына элек.