Кыргызстанда вейптерге тыюу салынганы менен, алар мектеп окуучуларына чейин сатылууда – депутат
Кыргызстанда электрондук тамекилерге мыйзам менен тыюу салынганына карабастан, аларды сатуу жана колдонуу, анын ичинде жашы жете электер арасында да уланууда. Бул тууралуу депутат Исманали Жороев бүгүн, 11-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал 2025-жылдын 1-июлунан тартып өлкөдө электрондук тамекилерди ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынганын эске салды.
Бирок депутаттын байкоосуна караганда, вейптер дагы деле сатылып, аларды мектеп окуучулары да колдонуп жатышат.
«Эмне үчүн алар дагы деле сатылып, жашы жете электердин колуна тийип жатат? Парктарда электрондук тамеки кармаган жашы жете элек окуучу кыздарды көрүүгө болот. Мындай көрүнүш шаарда эле эмес, айылдарда да бар», – деди Жороев.
Депутат мыйзамдагы тыюу электрондук тамекилердин мыйзамсыз соодасын иш жүзүндө токтотууга жетиштүү болбой жатканын белгиледи.
Ал тиешелүү мамлекеттик органдарды электрондук тамекилердин мыйзамсыз сатылышына көзөмөлдү күчөтүп, алардын балдар жана өспүрүмдөр арасында жайылышына бөгөт коюу чараларын көрүүгө чакырды.
Мындан тышкары, депутат интернет-алдамчылыктын көбөйүшүнө, анын ичинде жарандарды алдоо үчүн туристтик компаниялардын аталыштарын колдонгон учурларга да көңүл бурду.
