видеодон алынган кадр
11 ноябрь
Айдоочулардын эсине! Төө-Ашууда катуу бороон башталды
Бишкек – Ош унаа жолунун 128–130-чакырымдар аралыгында катуу бороон башталды.
Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, анын кесепетинен айдоочулардын жолду көрүү мүмкүнчүлүгү кескин төмөндөп, оор жүк ташуучу унаалардын (фуралардын) кыймылы кыйындады.
Учурда ЖЭМ-9дун кызматкерлери штаттык режимде иш алып барышууда.
Аба ырайына бир канча убакыт байкоо жүргүзүлөт. Эгерде бороон токтобосо, оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына кайрадан убактылуу чектөө киргизилет.
Министрлик айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты азайтууга жана жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
