Жалал-Абадга Беларусь Республикасынан айыл чарба техникалары жеткирилиши мүмкүн
КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Беларусь Республикасынын Гродно облусунда жайгашкан “Лидсельмаш” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, ишкана айыл чарба тармагына керектүү заманбап техникаларды жана жабдууларды өндүрөт.
Продукциясынын 60 пайыздан ашууну дүйнөнүн 10дон ашык өлкөсүнө экспорттойт.
Таанышуу учурунда завод өндүргөн айыл чарба техникаларын Жалал-Абад облусуна жеткирүү, аларды жергиликтүү дыйкан-фермерлердин ишинде колдонуу жана бул багытта өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев айыл чарбасына заманбап техникаларды жана технологияларды киргизүү тармактын натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү экенин белгилеп, ишкана менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
