Кыргызстанда DeepTech багытына жана илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштырууга басым жасалууда
сүрөт: depositphotos.com
10 ноябрь

Кыргызстанда DeepTech багытына жана илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштырууга басым жасалууда

Кыргызстандын технологиялык тармагындагы келечектүү жаңы багыттардын бири — татаал илимий жана инженердик иштеп чыгууларга негизделген DeepTech долбоорлору. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын эксперти жана кеңешчиси Азизбек Абдрахимов билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары өзгөчө ылдам өнүгүп жаткан жасалма интеллект да DeepTech багытына кирет.

Окумуштууларды жана иштеп чыгуучуларды колдоо максатында Жогорку технологиялар паркы илимий идеяларды коммерциялык продуктуга айландырууга жардам берген аянтчаларды жана программаларды түзүүдө.

Абдрахимов Массачусетс технологиялык институту жана АКШнын Material Impact инвестициялык фонду менен биргеликте ишке ашырылып жаткан программа тууралуу айтып берди.

Программанын катышуучулары өз иштеп чыгууларын рынокко чыгаруу, кардарларды табуу, долбоордун экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана инвестиция тартуу боюнча билим алышат.

Ошондой эле жаш адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Парк кеңешчисинин пикиринде, бүгүнкү күндө жогорку окуу жайдын дипломунун болушу жетишсиз. Студенттер окуп жүргөндө эле практикалык маселелерди чечүүгө катышып, хакатондорго жана стажировкаларга барып, өздөрүнүн кесиптик портфолиосун түзүшү керек.

Анын белгилешинче, иш берүүчүлөр азыр жөн гана программисттерди эмес, бизнестеги көйгөйлөрдү түшүнүп, аларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштай алган адистерди көбүрөөк издеп жатышат.