Кыргызстандыктар жергиликтүү бийликке электрондук арыз бере алышы мүмкүн
10 ноябрь

Кыргызстандыктар жергиликтүү бийликке электрондук арыз бере алышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев демилгелеген мыйзам долбоору талкууланды.

Мыйзам долбоорунун максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кайрылууларды, даттанууларды жана арыздарды электрондук негизде берүүнү камсыз кылуу.

Жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиевдин айтымында, учурда ар кандай кайрылууларды кабыл алуу кагаз түрүндө жүргүзүлөт. Бул көп убакытты жана чыгымды талап кылат.

“2026-жылдын 9 айында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 368 текшерүү жүргүзүлгөн, анын 202си пландалган, 159у контролдук жана жетөөсү пландан тышкаркы жасалды. Жыйынтыгында, 1 447 мыйзам бузуу аныкталып, 734ү четтетилген. 232  протокол түзүлүп, 4 млн 148 миң сом айыппул салынган. Бул көрсөткүчтөр текшерүүнүн көлөмү чоң экенин жана документти убагында жөнөтүп жана убагында кабыл алуу маанилүү экенин көрсөтүп турат”, - деди ал.

Сейдалиев белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына текшерүүлөр Жаратылыш ресурстары министрлигинен тышкары дагы 8 ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жасалат.

Мындан улам ар кандай чыгымдарды жана бюрократияны токтотуу максатында, мыйзам долбоорунда 4 негизги өзгөртүү камтылды. Алар: текшерүү жүргүзүүгө негиз болчу арыз кагаз түрүндө да, электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу да кабыл алынышы керек. Кайра текшерүү жүргүзүү тартибинде жазуу түрүндө гана эмес, электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу да кол коюу. Пландуу текшерүү жүргүзүүдө 10 күн мурда, кайра текшерүүдө 2 күн мурда билдирүү жөнөтүүдө электрондук ыкмалар да колдонулат.