Өзгөндө бир чакырымга жакын ички жол пайдаланууга берилди
Өзгөн районуна караштуу Кара-Шоро айыл аймагында бүгүн, 10-ноябрда бир чакырымга жакын ички жолдун курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Ачылыш аземине облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбазов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолдун жалпы баасы 6 млн 299 миң 963 сомду түзөт. Анын ичинен Өнүктүрүү фондунан 5 млн 199 миң 963 сом, жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом, элдик салымдан 100 миң сом бөлүнгөн.
Иш-чарада ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүү тургундарды жаңы жол менен куттуктап, жол инфраструктурасын жакшыртуу айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга, коопсуз жана ыңгайлуу каттамды камсыздоого багытталганын белгиледи.
