Кыргызстан менен Түркия учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен энергетикалык инфраструктурага мониторинг жүргүзүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты
15-августта Стамбул шаарында Кыргызстандын «Qarga Group» компаниясы менен кайра жаралуучу энергетика долбоорлоруна адистешкен Түркиянын «ZENA Elektrik ve Enerji A.Ş.» компаниясынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен уюштурулду.
Тараптар технологиялык жана инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулап, энергетикалык объектилерге мониторинг жүргүзүүдө учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу башкы багыттардын бири экенин белгилешти. «Qarga Group» компаниясы энергетикалык объектилерге абадан мониторинг жана инспекция жүргүзүү үчүн өзү иштеп чыккан «учуучу канат» тибиндеги учкучсуз учуучу аппаратты тааныштырды.
Жолугушуунун катышуучулары «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коому менен биргеликте Кыргызстандын жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, күн электр станцияларына жана башка энергетикалык объектилерине мониторинг жүргүзүүдө учкучсуз аппараттарды колдонуу боюнча макулдашууну даярдоого кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле аталган аппараттарды талаа шартында сыноо үчүн «ZENA Enerji» компаниясынын адистеринин Кыргызстанга келиши боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди.
«Qarga Group» компаниясынын тең негиздөөчүсү Александр Ким сыноолор ийгиликтүү өтсө, компания мындан аркы коммерциялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ата мекендик продукцияны чет өлкөлүк рынокторго жеткирүүгө үмүт артарын белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын күн энергетикасына Түркиядан инвестиция тартуунун келечегин өзүнчө талкуулашты.
Учкучсуз системаларды Түркияга жеткирүү кыргызстандык технологиялык өнүмдөрдү экспорттоонун жана жарандык учкучсуз учуучу аппараттар жаатындагы эл аралык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү болуп калышы мүмкүн.
Эске салсак, ушул жылдын май айында «ZENA Enerji» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Кыргызстанга келишкен. Анда кайра жаралуучу энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча сүйлөшүүлөр өткөн.
