Министрлик жаңы энергетикалык объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү талап кылды
1 июнь

Министрлик жаңы энергетикалык объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү талап кылды

Энергетика министринин орун басары Сабырбек Садыракунов жумушчу сапарынын алкагында кайра жаралуучу энергия жана гидроэнергетика багытындагы ири долбоорлордун курулуш аянтчаларын кыдырып, иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Сапардын негизги максаты курулуш иштеринин аткарылышын көзөмөлдөө, бекитилген графиктердин сакталышын баалоо жана объектилерди пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштерин талдоо болду.

Министрдин орун басары «РЭЦА» жана «Бишкек Солар» күн электр станцияларында, ошондой эле Орто-Токой ГЭСинде болуп, долбоорлордун учурдагы абалы боюнча маалымат алды.

«РЭЦА» күн электр станциясында С. Садыракунов долбоордун биринчи фазасынын ишке ашырылышы менен таанышты. Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 150 МВт болгон биринчи этаптагы курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын июнь айынын ортосунда аяктоо пландалууда. Министрдин орун басары бардык иштерди белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен жана сапат талаптарын так сактоо менен бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бишкек Солар» күн электр станциясында өткөрүлгөн жумушчу кеңешменин жүрүшүндө курулушта колдонулуп жаткан техникалык чечимдер жана долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары талкууланды. Кубаттуулугу 100 МВт болгон биринчи этапты ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү күтүлүүдө.

Садыракунов бул долбоордун өз убагында ишке ашырылышы өлкөнүн энергетикалык системасын чыңдоодо жана кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүүдө маанилүү орунду ээлей турганын белгиледи.

Жумушчу сапардын алкагында Орто-Токой гидроэлектростанциясынын курулушуна өзгөчө көңүл бурулду. Кубаттуулугу 21 МВт болгон станциянын курулушу жыйынтыктоочу баскычка жетип, учурда акыркы курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Объектти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштери июль айына чейин аяктайт деп күтүлүүдө. Министрдин орун басары объектти кароо учурунда курулуш иштеринин сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү жана бекитилген графиктен четтөөлөргө жол бербөөнү тапшырды.

Жумушчу сапардын жыйынтыгында Садыракунов кайра жаралуучу энергия жана гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун маанисине өзгөчө токтолду.

Анын айтымында, жаңы энергетикалык кубаттуулуктардын ишке киргизилиши өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, генерациялоочу кубаттуулуктарды диверсификациялоого жана Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясында белгиленген максаттарга жетүүгө олуттуу салым кошот.