Бишкекте «Санжыра» жаңы гүл бакчасы ачылды
Бишкек шаарында 2025-жылдын 31-декабрында мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда «Санжыра» жаңы гүл бакчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаар башчысы борбор калаанын тургундарын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, шаардыктардын ыңгайлуу эс алуусу үчүн заманбап коомдук мейкиндиктерди түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Президенттин колдоосу менен жалпы аянты 2 гектарды түзгөн жер тилкесинде заманбап гүл бакча көрктөндүрүлдү. Анын аймагында балдар үчүн оюн аянтчалары, кичи-футбол талаасы, ошондой эле сейилдөөчү жайлар жабдылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө мэр Айбек Жунушалиев жакынкы үйлөрдүн тургундары менен баарлашып, алар жаңы коомдук бакчанын уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, жаз айларында гул бакчанын аймагына кошумча жашыл көчөттөрдү отургузуу пландалууда.
Иш-чаранын соңунда мэр Айбек Джунушалиев бардык катышуучуларды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана биримдик каалады.
