Аламүдүн районунда баңгизат сатууга шектелип чет өлкөлүк жарандар кармалды
Чүй облусунун ИИББдин басма сөз кызматы
24 июнь

Аламүдүн районунда баңгизат сатууга шектелип чет өлкөлүк жарандар кармалды

Аламүдүн районунда баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды, деп билдирет Чүй облусунун милициясы. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү кызматкерлер тарабынан райондун аймагында белгисиз адамдар ири өлчөмдө «гашиш» баңгизатын таратуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган М.А. жана 2004-жылы туулган А.Р. аттуу чет өлкөлүк жарандар аныкталган. Алар «гашиш» баңгизатын таратуу менен алектенип, ошондой эле жашаган жеринде баңгизат колдонуу үчүн притон уюштурушкан.

М.А. жана А.Р. жашаган дарек боюнча жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 66 грамм «гашиш» баңгизаты табылып, алынган.

Мындан тышкары, аталган жарандар жашы жете элек кызды баңгизат колдонууга тарткандыгы аныкталган.

Шектүүлөр М.А., 2001-жылы туулган, жана А.Р., 2004-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аламүдүн райондук сотунун судьясынын чечими менен аларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.