Караколдо суу менен камсыздоо системасын масштабдуу модернизациялоо улантылууда
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды өнүктүрүү департаменти Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы ири инфраструктуралык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалымдайт.
Шаардык суу менен камсыздоо системасын комплекстүү реабилитациялоо боюнча долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен кызматташуунун алкагында жүзөгө ашырылууда.
Долбоордун негизги параметрлери:
• Учурдагы абалы: Бүгүнкү күндө объекттерде жигердүү курулуш-монтаждоо иштери (КМИ) жүргүзүлүүдө. Подряддык уюмдар тарабынан магистралдык тармактарды алмаштыруу, суу топтоочу курулмаларды жана насостук станцияларды модернизациялоо иштери жүзөгө ашырылып жатат.
• Аяктоонун пландалган мөөнөтү: Бекитилген иш графигине ылайык, объектти эксплуатацияга берүү 2027-жылдын IV кварталына пландаштырылган.
Департамент курулуш иштеринин аткарылышынын жүрүшүнө жана бөлүнүүчү каражаттардын натыйжалуу колдонулушуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп жана көзөмөлдөп турат.
