Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери «Арсенал» аттуу рейддик иш-чараны улантууда
2026-жылдын 17-мартынан тартып Аламүдүн районунун аймагында «Арсенал» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Анын алкагында жарандардын газ-травматикалык жана ок атуучу куралдарды сактоо жана пайдалануу эрежелерин сактоосу боюнча пландуу текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө негизги көңүл каттоодо турган курал ээлерине, анын ичинде аңчыларга бурулууда. Милиция кызматкерлери уруксат берүүчү документтердин бар-жогун, курал-жарактын жана ок-дарылардын сакталуу шарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарынын аткарылышын текшеришүүдө.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бүгүнкү күнгө карата мыйзамсыз жүгүртүүдөн төмөнкү куралдар алынган: сайлуу – 5 даана, сайсыз – 41 даана, газ-травматикалык курал – 11 даана, сыйлыкка берилген – 1 даана. Жалпысынан 58 даана курал алынган.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында куралды сактоо жана колдонуу эрежелерин бузган аңчыларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133 жана 134-беренелерине ылайык жалпы суммасы 93 000 сомду түзгөн айып пул салынган, анын ичинен 54 000 сом өндүрүлгөн.
Аламүдүн РИИБи курал ээлерин белгиленген сактоо эрежелерин так сактоого жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн өз убагында узартууга чакырат. Ошондой эле мыйзам талаптарын бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертет.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы
