“Бирөөгө бериш үчүн кызыл китеби бар жеримди алып коюшту”, – жаран президентке жергиликтүү бийликтеги акыйкатсыздыкты жеткирди
24 июнь

“Бирөөгө бериш үчүн кызыл китеби бар жеримди алып коюшту”, – жаран президентке жергиликтүү бийликтеги акыйкатсыздыкты жеткирди

Президент Садыр Жапаровдун Кочкор районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда, Теңдик айылынын Аралбек Саманчиев аттуу тургуну 30 жылдан бери менчигинде болуп келген жерин жергиликтүү бийликке тарттырып жибергенин айтты. 

Тургун белгилегендей, 59 сотых жер ага союз тараган маалда үлүшкө тийген. Кызыл китеби бар. Бирок жергиликтүү бийлик 2025-жылы курулуш алдындагы жер экен деген шылтоо менен сот аркылуу алып койгон. 

“Бирөөлөргө алып бериш үчүн эле менден тартып алып коюшту. Мен ал жерге картошка сактоочу логистикалык борбор курайын дегем. Мурда союз маалында ал жер айдоо жери болчу, бирок бир жылдары козуларды кыштатуу үчүн сарай салынган, ошондуктан курулуш алдындагы жер деп өткөрүшкөн”, – деди тургун. 

Президент райондун акимине жана башка тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө кайрылганда, алар сот ушундай чечкенин, жер муниципалдык баланска өткөнүн жана ал жерге картошка сактоочу логистикалык борбор курууга камданып жатышканын билдирди. 

“30 жылдан бери колунда Кызыл китеби бар жерди кантип сот аркылуу алып койдуңар? Жолуңар болсун силердин. Ушундай райондук, облустук деңгээлдеги каталарды көп кетиресиңер. Бул киши деле логистикалык борбор курмакмын деп атат, өзүнө курдура бербейсиңерби? Келишим түзүп, долбоорун берип койбойсуңарбы?” – деди президент жергиликтүү бийликке кайрылып. 

Ошондой эле президент бул ишти жеке көзөмөлүнө алаарын белгиледи.