Бишкекте кайрымдуулукка чогулган акчаны өздөрүнө алып жүргөндөр кармалды
Ленин РИИБдин басма сөз кызматы
24 июнь

Бишкекте кайрымдуулукка чогулган акчаны өздөрүнө алып жүргөндөр кармалды

Бишкекте кайрымдуулукка чогулган акчаны өздөрүнө алып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте «Кайрымдуулукка кетеби же сол чөнтөккө кетеби?» деген аталыштагы видеоматериал жарыяланып, анда жаш адамдар кайырчылык жолу менен алынган акча каражаттарын санап жатканы чагылдырылган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖге катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2005-жылы туулган Ж.Д. жана 2002-жылы туулган Ш.М. аттуу жарандар аныкталып, Ленин РИИБге жеткирилген. Аларга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-1-беренеси (Тилемчилик) боюнча протоколдор түзүлгөн.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан акча каражаттарынын кайсы максатта чогултулуп жаткандыгын тактоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чогултулган каражаттар муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү же кайрымдуулук максаттарына эмес, жеке керектөөлөргө жумшалганы аныкталган.

Учурда аталган жарандар Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтолгон материалдар колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБи жарандарды мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын чогултуу, анын ичинде кайрымдуулук деген шылтоо менен элдин ишенимин кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле кайырчылык менен алектенүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Жарандардан сак болууга, белгисиз адамдарга акча каражаттарын берүүдө алардын максатын тактоого жана мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырат.