Бишкекте скутер жана жеке мобилдүү каражаттар менен жол кырсыктарын алдын алуу форуму
Бишкек шаарында скутер жана жеке мобилдүү каражаттардын айдоочуларынын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлгөн форум ийгиликтүү аяктады. Иш-чарада соңку төрт жылдын статистикасы талкууланып, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча стратегиялык чаралар каралды.
Форумда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык:
• Скутер айдоочулары: 2022-жылы 55 кырсык катталып, 62 адам жаракат алган, каза болгондор жок; 2023-жылы 68 кырсык, 73 жаракат, 2 өлүм; 2024-жылы 393 кырсык, 438 жаракат, 7 өлүм; 2025-жылы 682 кырсык, 756 жаракат, 14 өлүм.
• Жеке мобилдүү каражаттар: 2022-жылы 14 кырсык, 14 жаракат; 2023-жылы 10 кырсык, 10 жаракат; 2024-жылы 108 кырсык, 115 жаракат; 2025-жылы 93 кырсык, 100 жаракат, 1 өлүм.
• Мото айдоочулар: 2022-жылы 19 кырсык, 17 жаракат, 2 өлүм; 2023-жылы 31 кырсык, 37 жаракат, 1 өлүм; 2024-жылы 60 кырсык, 71 жаракат, 4 өлүм; 2025-жылы 72 кырсык, 80 жаракат, 2 өлүм.
Форумга катышкан мото клубдардын мүчөлөрү жана активисттер мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, өз пикирин бөлүштү. Алар жол кыймылын сактоо жана өздөрүнүн жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча билим алууга кубанычтарын билдирди.
Жол кырсыктарын азайтуу үчүн шаар боюнча профилактикалык иштер, семинарлар жана агитациялык акциялар улантылат.
