Сурабалдиева жаш кыздарды дем салууга жалгыз жөнөтпөөгө чакырды: ар кандай ыдык көрсөтүүлөр болууда
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева өзүнө келген кайрылууларга таянып, бир айылда дем салууга байланышкан чоң чыр чыкканын билдирди.
Айтымында, дем салуу шылтоосу менен айымдарга, секелек кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүү аракеттери орун алган.
“Мындан улам мага жогорку трибунадан дем салдырууга айымдарды жалгыз жибербегиле деп кайрылып койсоңуз деп суранышты. Мен бул суранычты айыл өкмөттөрүнө, жергиликтүү кеңештеги кесиптештерибизге да айтат элем. Дем салабыз деген шылтоо менен туура эмес окуялар болуп кеткен учурлар жок эмес”, – деди Сурабалдиева.
