Чоң үй 400 миң сом: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу үчүн компенсацияга тургундар нааразы
20 май

Чоң үй 400 миң сом: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу үчүн компенсацияга тургундар нааразы

Депутат Жылдыз Курманалиева Жогорку Кеңештин жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн бузула турган турак жайларга берилчү компенсация өтө төмөн экенин билдирди. 

Айтымында, ал жакында жеринде болуп, тургундар менен жолугушкан. 

“Мүлктөр өтө төмөн бааланып жатат. Буга чейин да ушул маселени көтөрүп, компенсациялык төлөмдү кайра карап чыгууну сунуштагам. Бир да канааттандырган жооп ала албадым. 13-майда тургундарга компенсация боюнча маалыматтар берилиптир: пайдубал куюлган жер тилкеси – 130 миң сом, чоң үй – 400 миң сом. Буга эл нааразы. Биринчиден алар ата конушун таштап кетип жатышат, экинчиден 130 миң сомго азыр жер турмак, пайдубал да сатып ала албайсың”, – деди ал. 

Депутат компенсациялык төлөмдөрдү кайра карап чыгууну сунуштады.