Карайып, дат басып кеткен, – депутат баатыр энелердин орденин алмаштырып берүүнү суранууда
20 май

Карайып, дат басып кеткен, – депутат баатыр энелердин орденин алмаштырып берүүнү суранууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Чотонов Ысык-Көл облусундагы баатыр энелер кайрылганын билдирди. 

Айтымында, ал энелер мындан 5-6 жыл мурда мамлекет тарабынан “Баатыр эне” ордени менен сыйланышкан. 

“Бирок орден карайып, дат басып, төнөгүчтөрү сынып кеткен. Кыскача айтканда, сапаты начар. Бул орден мамлекет тарабынан энелерге берилген бийик даражалуу сыйлык болгондуктан, тиешелүү кызматтар сапаты начарларды чогултуп, жакшысына алмаштырып берүүлөрүн суранам”, – деди депутат.