Бишкекте үч каттамдын кыймыл чиймелери убактылуу өзгөртүлдү
Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-январынан тартып, Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу №33, №8 жана №55 каттамдарынын кыймыл чиймелери убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мэрия убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
