Кыргызстанда жаңы жыл күнү 75 мас айдоочу кармалды
Кыргызстанда жаңы жыл күнү 75 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, жаңы жыл майрамын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн жогорку баскычта кызмат өтөп, азыркы учурда да улантууда.
Кызмат өтөө учурунда өлкө аймагында одоно жол эрежелерин бузган 3002ден ошуун айдоочулар аныкталды.
Алардын ичинен:
- Мас абалында унаа башкарган 75 айдоочу;
- Көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдаган 336 айдоочу;
Ошондой эле одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 602 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.
Ал эми өлкө аймагында жалпы 21 жол кырсыгы катталып, көпчүлүгү жеңил чыгымдар менен коштолгон учурлар.
Өздүк курам арасында эч кандай мыйзам бузууларга жол бериген жок.
Азыркы учурда жол коопсуздугу туруктуу жана баары жетекчиликтин жеке көзөмөлүндө.
