11 февраль
Бишкекте бир жумада 8,5 миң жол эрежелерин бузуулар катталды
Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 03 февралдан тартып 09 февралга чейин жол эрежелерин одоно бузган 8554 эреже бузуучулар аныкталды, анын ичинен:
- 87 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
- 242 унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы үчүн;
- 101 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн;
- 5491 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
- 133 айдоочу унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткандыгы үчүн;
- 1180 коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
- 1612 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертет.
