Кыргызстан менен Армениянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү
27 август

Кыргызстан менен Армениянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 26-августта Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-армян мамилелеринин абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикир алышты.

Эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин бекемдөө максатында саясий жана экономикалык байланыштарды үзгүлтүксүз улантууга эки тарап тең кызыкдар экендиктерин билдиришти.