Шайырбек Ташиев 16-июлга чейин камакта калтырылды
Шайырбек Ташиев боюнча бөгөт чарасын узартуу тууралуу өтүнүч 2026-жылдын 15-майында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан канааттандырылды.
Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, КР Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчүнүн негизинде айыпталуучунун камактагы мөөнөтү тергөө аяктаганга чейин 2026-жылдын 16-июлуна чейин узартылды.
Ташиев «Кыргызнефтегаз» ААКсындагы коррупциялык иш боюнча айыпталууда. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү менен айып коюлган. Ал 2026-жылдын 1-апрелинде мамлекеттик компаниядагы коррупциялык схемаларды иликтөөнүн алкагында кармалган.
Тергөө маалыматына ылайык, кылмыш ишин козгоого Салык кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн материалдары негиз болгон. Анда 2021–2025-жылдар аралыгында «Кыргызнефтегаз» ААКсында ири мыйзам бузуулар жана каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүү фактылары аныкталган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат. Бул суммага жоголгон пайда жана төлөнбөй калган салыктар кирет.
Тергөөнүн версиясына ылайык, компанияда мунайды ортомчу схемалар аркылуу кайра сатуу механизми иштеп, анын негизинде киреше жеке түзүмдөр аркылуу чыгарылып турган.
Буга чейин ушул эле кылмыш ишинин алкагында ишкананын мурдагы жетекчилери жана алар менен байланышкан бир катар адамдар да камакка алынган. Айрым айыпталуучулар учурда да тергөө абагында кармалууда, кээ бирлеринин бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
