“Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда, ири авто жана соода базарларда шайлоо участокторун ачуу пландалууда
19 сентябрь

“Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда, ири авто жана соода базарларда шайлоо участокторун ачуу пландалууда

КР БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева “Эркин-Тоо” гезитине берген маегинде мурда жарандар каттоосу бар жеринде гана добуш бере алганын, эми жаңы программалык камсыздоо аркылуу ар бир кыргызстандык жаранга каалаган аймактагы шайлоо участкалардан добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн билдирди.

“Шайлоо күнү сизге ыңгайлуу болуп турган шайлоо участогуна барсаңыз, ошол жакта добуш берүү мүмкүнчүлүгү боло турган шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда, ошондой эле ири авто жана соода базарларда шайлоо участокторун ачуу пландалууда. Эгер сиздин каттооңуз региондордо болсо, сиз Бишкектен туруп деле добуш бере аласыз. ПИТ колуңузга сиздин округдан талапкер болуп катталгандардын тизмеси бар бюллетенди чыгарып берет”, – деп айтып берди А. Жупуева.