Нарында Кызыл Жылдыз каналына бетон полотносу төшөлүп, дыйкандарга суу берилүүдө
Нарын облусундагы Кызыл Жылдыз каналын реконструкциялоо алкагында каналдын ички бөлүгүнө бетон полотносун төшөө иштери толугу менен аяктады.
Суу ресурстары министрлигинен кабарлашкандай, каналдын жалпы узундугу 2070 метрди түзүп, анын бардык бөлүгүнө бетон полотносу төшөлдү.
Аталган иштердин натыйжасында дыйкандарга сууну үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жеткирүүгө шарт түзүлдү. Мурда суунун бир бөлүгү жер астына сиңип кетип, суу жоготуулар жаралып келген болсо, азыр мындай көйгөйлөрдүн алдын алуу мүмкүн болду.
Мындан тышкары, каналдын өткөрүмдүүлүгү жогорулап, сугат суу өз убагында жеткирилүүдө. Бул өз кезегинде дыйкандардын эмгегин жеңилдетип, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана ирригациялык системаларды жаңылоо боюнча иштер мындан ары да улантылат.
