Бишкекте жылуулук качан өчүрүлөрү айтылды
23 март

Бишкекте жылуулук качан өчүрүлөрү айтылды

Бишкек шаарында 25-мартта жылуулук берүү токтотулат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен 10-майына чейин профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Белгиленгендей, күз-кыш мезгилинин жүрүшүндө бардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылышты.

Жылытуу мезгили аяктагандан кийин муниципалдык кызматтар кийинки жылытуу сезонуна даярдык иштерин башташат, анын ичинде оңдоо жана профилактикалык иштер жүргүзүлөт.