Моксвадагы кыргыз кызынын өлүмү. КР ТИМ ишти өзгөчө көзөмөлгө алды
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Москвада кыргызстандык аял өлтүрүлүп, анын сөөгү диванга катылган" аттуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланганмакалага байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу ыкчам түрдө Россия Федерациясынын Москва шаары боюнча Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына жөнөп кетти.
Ошол эле учурда элчилик тарабынан укук коргоо органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлдү. Жаңы маалыматтар алынганда кошумча билдирүү бөлүшүлөт.
Бул маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
