Бишкекке Кытай жана Беларустун коргоо министрлери келди
27 апрель

Бишкекке Кытай жана Беларустун коргоо министрлери келди

Бишкекке 26-апрелде Кытай жана Беларустун коргоо министрлери келди. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнди "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов тосуп алды.

Ал эми Беларустун коргоо министри Виктор Хренин жетектеген делегациясын Кыргызстандын Коргоо министринин санариптештирүү боюнча орун басары Азамат Ыштыбаев тосуп алды.