Депутат катаракта оорусу боюнча операцияга берилүүчү квотаны мамлекеттин көзөмөлүнө алып, ачык-айкын кылууну сунуштады
20 май

Депутат катаракта оорусу боюнча операцияга берилүүчү квотаны мамлекеттин көзөмөлүнө алып, ачык-айкын кылууну сунуштады

Катаракта оорусу барган сайын жашарууда – мурда бул ооруга 60-70 жаштан өткөн жарандар кабылса, азыр 40-50 жаштан башталууда. Ошол эле убакта өз убагында операция жасоо мүмкүнчүлүгү бардык эле бейтаптарга таандык боло бербейт. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жайлообай Нышанов билдирди. 

Ал катаракта боюнча операция мамлекеттик ооруканаларда 20 миң, ал эми жеке клиникаларда 30 миң сомго жасаларын айтты. 

Ошол эле учурда Жогорку технологиялар тарабынан беш жылда бир жолу 1500 хрусталик берилет, ал тез эле түгөнөт. Мындан улам бейтаптар операция жасатуу үчүн башка өлкөлөргө барууга же жеке клиникаларга кайрылууга аргасыз. 

Нышанов катарактага операция жасоо мүмкүнчүлүгүнүн мамлекет өз көзөмөлүнө алышы керек деп эсептейт. 

“Квота ачык-айкын, медициналык көрсөтмөлөргө ылайык берилиши керек. Ар бир жаран өз өлкөсүндө, өз убагында дарыланууга укуктуу. Ушул маселени мамлекеттик кепилдикке киргизип койсок”, – деп сунуштады депутат.