Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси өтөт
Бишкекте 28-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны өтөт.
Иш-чарага он мамлекеттен делегация катышат. Алардын катарында Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо министрлери, ошондой эле Беларусь Республикасынын коргоо ведомствосунун өкүлдөрү бар.
Негизги катышуучулардын арасында Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов жана Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь бар. Алар аймактык коопсуздук жана аскердик кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн Кыргызстандын борборуна келишти.
Бүгүн эртең менен Андрей Белоусов расмий сапар менен Бишкекке келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы Талантбек Талипов тосуп алды.
Жыйында ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, терроризмге каршы күрөшүү жана аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелери негизги тема болот. Ошондой эле биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү пландары талкууланат.
Белгиленгендей, бул жолугушуу Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылып жаткан мезгилде өтүүдө. Уюштуруучулар мындай форматтагы диалог катышуучу өлкөлөрдүн коопсуздук жана туруктуулук жаатындагы аракеттерин координациялоого өбөлгө түзөрүн белгилешүүдө.
