Министрлер кабинети
5 июль
Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына жумуш сапары менен келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына келди.
Иш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш технологиялары, санариптик технологиялар, машина куроо жана өнөр жайды автоматташтыруу тармактарында иштеген компаниялар көрсөтүлөт.
