Москвада 33 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү табылды. Окуянын чоо-жайы
20 май

Москвада 33 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү табылды. Окуянын чоо-жайы

Россиянын борбору Москва шаарында 33 жаштагы Кыргызстандын жаранынын өлүмү боюнча тергөө жүрүүдө. Ал Люблинская көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден каза болгон абалда табылган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына караганда, маркумдун аты Айгерим болгон.

Аял Москвадагы ооруканалардын биринде тазалык кызматкери болуп иштеп, ижарага алынган батирде эки мекендеши менен чогуу жашаган. Аны акыркы жолу 8-май күнү «Марьино» метро станциясынын жанынан көрүшкөн. Андан кийин ал үйүнө кеткен.

Бир нече күндөн кийин Айгерим байланышка чыкпай калгандыктан, туугандары аны издей башташкан. 18-май күнү батирге кайра барышканда анын сөөгү дивандын ичине салынган төшөнчү кутусунан табылган. Сөөк полиэтиленге оролуп, скотч менен таңылган абалда болгон. Денесинде бычактан алган жаракаттар жана каршылык көрсөткөн белгилер аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон жерден кан издери бар бычактар жана сөөктү жашырууга колдонулган болушу мүмкүн болгон буюмдар табылган.

Укук коргоо органдары батирде жашаган Кыргызстандын жарандарынын бирин кармашты. Ал эми экинчи адам, тергөөнүн маалыматына ылайык, батирден мурда чыгып кеткен жана Казакстанга кетип калышы мүмкүн.

Россия Федерациясынын Тергөө комитети «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери уланууда.