Мавлянова: МинКабдын депутаттар көтөргөн маселелерге берген жообу түшүнүксүз
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Министрлер Кабинетинин ар кандай маселелер боюнча берген жообуна нааразычылыгын билдирди.
Ал депутаттар жөн эле бирдеме сүйлөп жатпаганын,алар көтөргөн маселе элдин көйгөйү экенин белгиледи.
“Нурлан мырза, биз көтөргөн маселелердин көбү маанилүү, алар боюнча протколдук тапшырма беребиз, анан ага келген жоопту окусаңыз түшүнбөйсүз. Кабинетте отурган кызматкерлердин бири эле жөн гана жооп берип койгондой. Мисалы, мен Ноокат районундагы Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан сымап заводунун калдыктары Найман көлүнө куюлуп жатканы тууралуу айттым эле. Ага келген жооп түшүнүксүз”, – деди МинКабдын Жогорку Кеңештеги өкүлү Нурлан Бообековго кайрылып.
